7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Сот иши созулуп келет

678

Талас районунун Каракол айылынын 59 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу «Turmush» басылмасына айылдаштары билдиришкен.

Бул тууралуу, Талас ОИИБинин басма сөз кызматы окуя жайында, июнь айынын этегинде катталганын тастыктады.

Талас районунун Кум-Арык айылында интернатта (акыл-эсинин өрчүшү артта калган балдардын интернаты) окуган кызды зордуктоого 59 жаштагы кошунасы шектелген. Ал киши кызды колунан жетелеп, үйүнө алып кирип бара жатканын көргөн кошуналары кыздын жакындарына анан милицияга маалымдаган. Сотко чейинки териштирүүдө күбөлөр окуянын үстүнөн чыкканын айтышкан. Шектүү көп жыл мурун үй-бүлөсү менен ажырашканы маалым болгон.

Учурда бул иш соттун кароосунда турат.  Талас облустук сотунун басма сөз кызматы шектүүгө карата Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү (зордуктоо) менен иш козголуп, соттук кароодо экендигин айтты.

Буга чейин 2 ирет соттук олтурум болуп, шарттуу себептерден улам жылып кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679