7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта үч баш мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды

725

Сокулукта үч баш мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына 58 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 15-октябрдын түнү Сокулук районунун Саз айылында жайгашкан сарайынын ичинен үч баш малын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19 жаштагы Ж.Э., 25 жаштагы Б.А жана 17 жаштагы Ж.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726