Бүгүн, 26-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты ведомстводон тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, Исабеков менен бирге эки орун басарлары — Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемиров ээлеген кызматтарынан бошотулушту.
Ал эми Бажы кызматына жаңы башчы дайындалган. Мекеме жакынкы аралыкта аты-жөнүн жарыялоону убада кылды.