7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды

736

Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районунда 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн боюнда бар экенин милицияга мектептин мугалимдери кабарлаган. Ошондой эле кыздын апасы да милицияга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын 26 жумалык боюнда бар экени такталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Айтматов районунун 31 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

737