7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«20 млн сом алып, алдап кеткен». Алдамчылыкка шектелген 2 аял кармалды

471

Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал  М.Ш. аттуу аял 2021-2024-жылдар аралыгында 20 млн сом акча алып, аны мамлекеттик сатып алуулар аркылуу тендер өткөрүп көбөйтүп берем деп алдап кеткен.

Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козголгон. Шектүү катары 39 жаштагы М.Ш. жана 45 жаштагы М.А. аттуу аялдар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

 

472