Жогорку Кеңеш көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Демилгени 25 депутат көтөргөн. Ага ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар (ж.б.) аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.