7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумган

654

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумган. Бул тууралуу  Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-январда Талас ОИИБге Талас районундагы дарыгерлер борборунан маалымат түшкөн. Анда саат 07:18 чамасында Кара-Ой алынын 2001-жылы туулган тургуну Чат-Базар аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жумганы айтылган.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталып, жерине топ барган. Ошондой эле Кара-Ой айылынын 1993-жылы туулган тургунунан арыз түшкөн. Ал 3-январда саат  06:00 чамасында жубайын төрөтканага алып барганын, каза болуп калганын айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми каза болгон келинге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

 

 

655