7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 300 млн сомго 5 кабаттуу университет курулууда

186

Талас шаарында мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн жаңы заманбап имарат салынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ири долбоор башталды. Мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн 300 миллион сомдук жаңы беш кабаттуу имарат курулууда.

Окуу корпусу №1 орто мектептин маңдайында, Нуржанов аллеясында салынып жатат жана 2026-жылдын июль айында пайдаланууга берилет.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.

187