7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда ЖОЖдордогу окуу мөөнөтү 3 жылга кыскартылат

436

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Европанын көптөгөн өлкөлөрүндөгү практика сыяктуу студенттерге үч жылда окуусун бүтүрүүгө мүмкүндүк берүүчү структуралык реформалар дайындалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал жогорку окуу жайларында 2025/2026-академиялык окуу жылынын ачылыш аземинде айтты.

Иш-чара Анкарадагы «Бештепе Миллет» конгресс жана маданият борборунда өткөн.

Oxu.Az TGRT News телеканалына шилтеме берүү менен билдиргендей, түрк президенти жаңы окуу жылында программалар жөнөкөйлөтүлө турганын белгилеп, студенттердин билими долбоорлук, прикладдык жана изилдөөгө негизделген окутуу моделдерине негизделет.

«Бул реформалардын аркасында биздин жогорку билим берүү системабыз натыйжалуу болуп, эл аралык стандарттарга жооп берет», — деп баса белгиледи Эрдоган.

437