Таласта бетон басып калган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
“Кечээ, 19-ноябрда Талас районунун Жоон-Арык айылындагы эскилиги жетип, колдонуудан чыккан маданият-үйүн бузуу иштерин жүргүзүп жаткан жеринен Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранды курулуш плитасы (бетон) эки бутун жоон сан этинен басып калган.
Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлүп, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп берген” – деп айтылат маалыматта.