7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган аким кармалды

324

Таласта Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2009-2024-жылдар аралыгында Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктады.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка Бакай – Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким И.А.Т.нын тиешеси бар экени аныкталып, ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында кармалып, Талас ШИИБдин  убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

325