7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта үч жаңы объект ачылды (ФОТО)

317

17-апрелде Талас районунда бир катар объектилердин ачылыш аземи болуп өттү. Имараттардын ачылышына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, депутаттар Марат Мураталиев, Гүлкан Молдобекова, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы салынган объектилердин бири болуп Шумкар-Уя айыл аймагында ачылган айыл өкмөтүнүн имараты саналат. Бул ири социалдык объект толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерине жалпысынан 58 миллион сом бөлүндү. Эки кабаттуу заманбап имаратта айыл өкмөтүнүн кеңсеси, «Айыл Банк» мамлекеттик банкынын бөлүмү жана Калкты тейлөө борборунун (КТБ) филиалы жайгашкан.

Ал эми, Чоң-Алыш айыл аймагына караштуу Манас айылында жеке ишкер С.Ботиковдун мал союучу жана Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы болду.

Андан тышкары Кеңеш айылындагы 75 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушуна капсула салынды. Бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

 

 

318