УКМК жана Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун чек ара тилкесинде аткезчиликке каршы алдын ала иш-чаралары жүргүзүлдү.
12-сентябрда «Чон-Капка» чек ара заставасынын аймагында Казакстандан Кыргызстандын аймагына 308 баш ийри мүйүздүү мал жандыктарын мыйзамсыз өткөрүүгө шек саналып А.у.Н. аттуу кыргызстандык кармалды.
Учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.