7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта Д.Анарбеков атындагы бала бакчанын ачылышына Ташиев катышты

270

Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023 — жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен Ташиевдин колдоосу менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.

Бала бакчага Баткен районунун «Достук» чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы КР чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.

271