7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта эл аралык «Манас Деми 2025» жарым марафону өттү

345

31-майда Талас облусунда биринчи эл аралык «Манас Деми 2025» жарым марафону өттү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын ачылышына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев сөз сүйлөп, Талас облусунда мындай эл аралык деңгээлдеги биринчи жарым марафон экенин белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты – Талас өрөөнүндө туризм, спорт тармагын пропагандалоо жана жаштарды сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.

“Манас Деми” эл аралык марафонубузга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Германия, Австрия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандын мыкты жөө күлүктөр келип жалпы 1 миңден ашуун адам катышты. Байге фондубуз 1 миллион сомду түзүп, мыкты спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жарым марафондун алкагында 21, 10 жана 3 чакырымга жарышуу, ошондой эле бул жөө жарышыбызга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да катыша алышты. Талас аймагы үчүн бул жөн гана спорттук иш-чара эмес, өлкөнүн эл аралык туризм жана активдүү эс алуу борбору катары имиджин бекемдөөгө болгон маанилүү кадам. Келечекте “Манас Деми” жарым марафонун жыл сайын уюштуруп, салттуу мелдешке айлантууга ниетибиз бар”, — деген Джумаев.

Белгилей кетсек, марафон президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн жана алтын өндүрүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү алдында уюштурулган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Эрмат Джумаев (@djumaev_ermat)

346