10 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен облусунун тургуну табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда милицияга Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 1987 –жылы туулган Нурланбек аттуу баласы 2012- жылдан бери үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз кетип, байланышка чыккан учурда жүргөн жерин жашырып, дарегин айтпай жүргөндүгүн билдирген.
Баланын атасы амандыгын көрүп, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендигин жана коопсуз жерде экендигин көрүүнү максат кылганын айткан.
Талас ОИИБдин кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап таап, атасына тапшырып беришти. 35 жаштагы баласы Нурланбек учурда Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жергиликтүү тургундардын үйүндө жалданма чабан болуп иштеп жүргөн экен.