Таласта кой кайтарган баланын атасы түшүндүрмө берип, соцтармактарга жалган маалымат тарап кеткендигин айтты.
Анын келинчеги жаңы төрөп төрөтканада болгондугуна байланыштуу 2 жана 1 жаштагы балдарын карап, үйүндө отурган. Ал эми баласы болсо жайлоого таенесиникине барып, өзүнүн малдарын карап жардам берип жүргөн.
Видеону тарткан адам жалган маалымат таратканы үчүн баланын атасынан жана элден кечирим сурады.