7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта колбаса цехи жергиликтүүлөргө жумуш орундарын түзүүдө

135

Манас районунун Үч-Коргон айылындагы «Султан» колбаса азыктарын өндүрүүчү цехи туруктуу иш алып барып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган ишканада учурда уй жана тоок этинен жасалган колбасанын 20га жакын түрү өндүрүлүп, продукция Кыргызстандын бардык аймактарына сатууга жөнөтүлүүдө. Өндүрүш санитардык талаптарга жооп берип, жергиликтүү чийки затты пайдалануу менен ишке ашырылууда.

«Цех чек арага жакын жайгашкан айылда иштеп, бүгүнкү күндө 20-25 жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орун менен камсыз кылып келет. Бул аймактагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга олуттуу салым кошуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын жетекчилиги өндүрүштү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Цех кеңейсе, кошумча жумуш орундарын түзүү жана өндүрүш көлөмүн арттыруу пландалууда. Ишкерликти колдоо максатында мамлекет тарабынан арзан пайыздагы насыя берүү каралып, тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө.

136