Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өзүлөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.
Өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлери Ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган.
Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн. Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.