7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта пара талап кылгандыгы үчүн милиция кызматкери кармалды

179

Таласта пара талап кылгандыгы үчүн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Т.Р.З. тарабынан пара талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, Т.Р.З. ички иштер органдарынын кызматкери деген наамды дискредитациялап, узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуу аркылуу системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып келген.

2026-жылы 21-февралда Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүүдө.

180