7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы менен жолукту

210

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.

Жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышуунун алкагында өттү. Анда тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөгө жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө болгон негизги ролун колдоп, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди.

«БУУ-80» демилгесине өзгөчө көңүл бурулду, ал уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбапташтырууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даяр экени белгиленди. Кыргыз тараптын БУУнун агенттиктери менен Кыргызстандагы активдүү өз ара аракеттениши да баса белгиленди.

Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн, ошондой эле 2027-жылы «Бишкек+25» саммитине даярдык көрүлүп жатканы айтылды.

Буга байланыштуу министр Жээнбек Кулубаев башкы катчыны аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

211