Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Н.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган. Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылган.
Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.