7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө пункту реконструкциядан өтүүдө

208

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө пунктунда ири реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын жана колдоосунун негизинде ишке ашырылууда.

Жаңылануу алкагында чек ара бекетинин айланасы жана кирип-чыгуу жолдору толугу менен асфальтталып, жол белгилери жана чийиндери тартылды. Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кирип-чыгуу тилкелери мурдагы 2ден 4кө чейин кеңейтилди.

Реконструкциянын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн Президенттин Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эрмат Джумаев, УКМК башкармалыгынын начальниги Эмиль Таштанов, Талас облусунун прокурору Мирбек Расулов жана Талас облусунун ИИБ начальниги Азенбек Козукеев жеринде текшерүү жүргүзүштү.

Курулуш иштери аяктагандан кийин чек арадан өтүү жарандарыбыз үчүн кыйла жеңилдеп, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле туристтер үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып, Талас облусунун эл аралык беделин жогорулатууга жана региондун өнүгүшүнө салым кошот.

209