7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибдер эң мыкты волейболчу кыздын башын алып, видеосун таратышты

3946

Талибдер Афганистандын волейбол боюнча аялдардын улуттук курама командасынын 20 жаштагы мүчөсү Махаджабид Хакимдин башын алып, видеосун социалдык тармактарга таратышты. Бул тууралуу анын машыктыруучусу билдирген.

Маалыматка ылайык, ал клубдагы эң мыкты оюнчулардын бири болгон. Ал талибдердин спортчу аялдарды издөө рейдинин алкагында Кабулда өлтүрүлгөн.  Кызды  бир топ убакыт мурун өлтүрүшкөн, талибдер ата-энесин коркутушкандыктан бул маалымат ачыкка чыккан эмес.  Ошондуктан өлүм жазасына кайсы күнү тартылгандыгы тууралуу так маалымат жок.

Тренердин айтымында, азыркы учурда спорт менен алектенген аялдарга Афганистанда жашоо өтө кооптуу, улуттук курамдын 2 мүчөсү гана өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн. Буга чейин алардын бири Би-Би-Сиге аз дегенде бир волейболистка өлтүрүлдү деп айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3947