7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибдер кыймылы Норвегиянын Кабулдагы элчилигин басып алышты

956

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) радикал кыймылынын согушкерлери Норвегиянын Кабулдагы элчилигин басып алды. Бул тууралуу маалыматты Норвегиянын Ирандагы элчиси Сигвальд Хауге өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазып чыкты.

Дипломаттын айтымында, кыймылдын өкүлдөрү имаратты кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылышкан.

«Учурда талибдер Норвегиянын Кабулдагы элчилигине киришти. Кийинчерээк бизге кайтарып беришерин айтышты. Бирок алгач винонун бөтөлкөлөрүн сындырып, балдардын китептерин жок кылуу керек. Кыязы, алар куралды анча коркунучтуу эмес деп эсептешет», — деп жазылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

957