7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан менен Өзбекстан «Талибан» кыймылы менен кызматташууга даяр

935

Казакстан менен Өзбекстан «Тилибан» кыймылы менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу эки өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  өзү билдирсе, ал эми Өзбекстандан ТИМи расмий билдирүү жасаган.

Маалыматка ылайык, өлкө лидери чет элдик элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Афганистан боюнча кеп козгогон.

«Башынан көп азап өткөргөн мамлекеттин гуманитардык көйгөйлөрүн чечүү максатында жаңы бийлик менен конструктивдүү байланыш түзүүгө даярбыз», — деген Токаев. Ал ошондой эле Афганистан стабилдүү, суверендүү, бирдиктүү, өз ара жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган өлкөгө айланышы керектигин белгилеген. «Казакстан сиздердин мамлекет менен зомбулукту, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, көзөмөлсүз миграцияны алдын алуу максатында кызматташууга даяр. Эл аралык коомчулук ушул өткөөл мезгилде Афганистанды көз жаздымда калтырбашы керек», — деди Токаев.

Ал эми Өзбекстан ТИМи: “Өзбекстан Убактылуу Афганистан Өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдойт. Бул чечим аталган өлкөдө улуттук кеңири макулдашуунун, тынчтыктын бекемделишине жана туруктуулуктун башталышы болоруна ишеним артабыз. Жаңы Афганистан мамлекети менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, өз ара кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз”-дейт.

Эске салсак августтун башында “Талибан” кыймылы активдешип, афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабуулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун тыштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

936