Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго өкүм чыгарды. Пирматов Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен айыпталган.
Белгилей кетсек, Пирматов 31-майда УКМКга суракка чакырылган болчу. Ошол эле күнү Кумтөрдөгү коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен камакка алынган. 2-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин УКМКнын абагына камакка алынган. Андан соң эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.
Бүгүн, 9-сентябрда судья Махабат Бекешева Исхак Пирматовду Жазык кодексинин 319-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 6-категориядагы айып пул төлөөгө, башкача айтканда 300 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.
Пирматов тергөө менен келишим түзгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram