7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоодо чектен чыккан ММКларга эксперттер тобу көзөмөл кылат

574

Алдыдагы Парламенттик шайлоодо журналисттердин материалдарына анализ жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу үчүн атайын эксперттер тобу иш алып барат. Бул тууралуу Нарын шаарында өтүп жаткан, кыргыз тилдүү журналисттердин «Ийгиликке кадам» медиа форумунда айтылды.

Маалыматка ылайык, аталган жумушчу топ үгүт иштериндеги мыйзам ченемдери тууралуу маалымат таркатып, андан сырткары ММКларга көзөмөл кылат. Бул бир чети өз ишин түз алып барып жаткан ММКларды БШК же башка тараптардын мыйзамсыз айыптоосунан коргоо болсо, экинчи тарабы чектен чыккан ММКларга анализ кылып, чара көрүлүүсү үчүн БШКга жолдомо берүү. Башкача айтканча БШК эми чектен чыккан СМИлерди ушул жумушчу топтун сунушу менен жазага тартат.

Бул 2 эскертүүдөн кийин аккредитациядан чыгарууга чейин болушу айтылды. Жумушчу топко ММК тармагын түшүнгөн тажрыйбалуу журналист, медиа эксперттер мүчө болгон. Алар,Тамара Валиева, Азамат Тынаев, Авланбек Жумабаев, Нургүл Адыкеримова, Наргизи Нанакеева жана медиа форумда маалымат берген Семетей Аманбеков.

Эске салсак, ММКларды каттоо БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган күндөн кийин 20 күн ичинде болушу шарт. 28-ноябрда боло турган Парламенттик шайлоонун датасын БШК 29-августта жарыялады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575