7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тамчыда медициналык тез жардам көрсөтүү пункту ачылды

452

Бүгүн Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында медициналык тез жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Алшая, Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Белгиленгендей, медициналык тез жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 38,5 млн сом жумшалды.

Аталган пунктун аянты 476 м2 түзүп, анда күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган.

453