7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тапанча менен коркутуп, жарандын телефонун тартып алган шектүү кармалды

1244

Аламудүн районунда каракчылыкка шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1988-жылы туулган О.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна караган түнү белгисиз бирөө анын автоунаасына отуруп, Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюусун суранган. Жолдо баратып, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен арыздануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, анын телефонун тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Кылмышка шектелип, буга чейин бири нече жолу соттолгон 1999-жылы туулган С.Д. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталаган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1245