Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш-жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын», — деп белгиленет Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында.
Ошону менен бирге Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.