Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланды. Жолугушууда негизинен Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Эске салсак, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 9-отурумунун ишинде Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачууну иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында тараптар:
— КРнын жогорку окуу жайлары менен Аль-Фараби атындагы КУУнун ортосундагы кызматташтыкты жандандырууну;
— тараптардын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлеринин эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, тегерек столдорго катышуусун камсыздоону;
— КРнын жогорку окуу жайларынын жана Аль-Фараби атындагы КУУнун профессордук-окутуучулук курамын академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өтүүгө тартууну макулдашышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу маселесин талкуулоо үчүн курамына министрликтин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү кирген биргелешкен жумушчу топту түзүү тууралуу макулдашуу жетишилди.