Mirlan Duishenbaev:
«Электр жарыгына баа 23 тыйынга кымбаттай тургандыгы күндүн темасына айланды. Бийликчилдер бул чечимди колдошуп, жакташып жатышса, бийликтин ар бир кадамынан, чечимдеринен жамандыкты көрүүгө ашыккандар аталган чечимди жектеп атышат.
А бирок, чындыгында антип дүрбөлөңгө түшүүгө, нааразы болууга деле негиз жок. 77 тыйындан 1 сомго кымбаттаганы күндөлүк турмуш-тиричилигибизге таасирин деле тийгизбейт. Дегинкисинде, электр жарыгы дайыма болуп, кыштын суугунда жарыксыз калгыбыз келбесе, азыркыдай жарыктын өчүрүлүп жатканын каалабасак, электр жарыгын 23 тыйынга көтөрүүнү колдошубуз керек. Өлкөбүздүн энергетика системасы чынында мышык ыйлаарлык абалга кептелген. Тармактагы жабдуулар, тетиктер эскирип, «өлбө жаным, өлбө…» деген абалда иштеп атканына көп болду. Тарифти көтөрүү – системага жан берүүнүн, моралдык жана физикалык жактан эскиргендерди жаңылоонун жалгыз жолу. Ансыз мындай абал улана берсе, анын кесепети опурталдуу болушу толук мүмкүн.
Башкысы, 23 тыйындан топтолгон каражат максаттуу, даректүү түрдө тармактын абалын жакшыртууга, жаңылоого, кошуна өлкөлөр менен курганы жаткан Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна сарпталса, максатка ылайыктуу болот. А эгерде каражат бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө, бюджеттин жыртык тешигин бүтөөгө багытталып кетсе, анда тарифти көтөрүү чечими өзүн актабайт. Элдин ишеними гана кетет. Анда энергетикадагы оор абал өзгөрбөйт, бүгүнкүдөй абал мындан ары да улана берерин бөркүбүздөй көрөлү. (!)
Тарифти көтөрүү саясаты өзүн актап, айтылып, жазылып жаткандай, каражат түздөн түз энергетика тармагынын абалын оңдоого, жакшыртууга жумшалып, келерки кышта быйылкыдай абал болбостугуна ишенгим келет»,- деди ал.