7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тарыхтан таамай сабак алалы». Президент кыргыз элине кайрылуу жасады

706

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуу сөзү:

 «Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Эчен кылымдарды карыткан элибиз көкүрөгүнө эгемен эл болуу, эркин мамлекет куруу ой-мүдөөсүн бекем уютуп, бул асыл максаттарга жетүү үчүн тарыхтын нечендеген бороон-чапкындарына буюгуп, бирок буйдалып калбай, улуу дөөлөт курууга чейин жетишип, татаал сыноолорду башынан кечиргенин ошол карт тарыхтын өзү күбөлөйт, өзү тастыктайт.

Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоӊ.

Алардын бири соӊку жаӊы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар.

Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Азаттык идеясын бекем карманып, көз карандысыздыгын ар дайым бекем коргоону ураан кылып келген ата-бабаларыбыз баскан бараандуу жолду барктап, бизге тартуу кылган керемет жерди, нускалуу элди көздүн карегиндей сактап, анын бир чымчым жерин кемитпей, бир үзүм нарк-насилин бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз.

Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып келечекке бийик максаттарды коюушубуз абзел.

Мына быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатат. Аны менен удаалаш эле элибиздин чыгаан уулдары, мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөр Жусуп Абрахманов, Касым Тыныстанов, окумуштуу тилчи Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгын белгилеп, алардын эл-жери үчүн жасап кеткен ат көтөргүс эмгектерин жаш муундарга даңазалап жатабыз. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы да өткөрүлүп, республиканын өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн кошкон зор салымы даңкталып, анын айткан сөздөрү туура багытка жол көрсөткүч болуп олтурат.

20-кылымда тагдыр чечүүчү окуяларда, кыйын кезеңдерде, кыйчалыш шарттарда элди ачарчылыктан сактап тим болбостон, илим-билимге жетелеп, өз алдынча башкарууга ээ болуусуна бүткүл өмүрүн арнаган жогоруда аттары аталган жана аларга үзөңгүлөш болгон улуу инсандарыбызды эскерип, таазим этүү тарыхы менен сыймыктанган дымактуу эл экендигибизден кабар берет.

 Кадырлуу кыргызстандыктар!

Калайык калк!

 Биздин сыймыктана турган өтмүшүбүз, кылымдарды карыткан өрнөктүү маданиятыбыз жана үлгү боло турган тарыхый инсандарыбыз бар. Демек, ата-бабаларыбыздын, тарыхтын алдында мамлекетти өнүктүрүүгө, бийик эл болууга милдеттүүбүз!

Ал үчүн татыктуу тарбия менен адеп-ахлакка, терең билимге, алдыңкы илимге басым жасап, биримдик менен ынтымакты туу тутуу менен бийик максаттарга умтулалы!

“Тарыхы болбой, эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” деген накыл кептин төркүнүн аңдап, улуу элдин урпактары катары тарыхыбызды алпештеп, сыйлап алалы!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707