7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхты калыптандырган ачылыштар жылы: Түркиянын археологиялык жетишкендиктери

13

Миңдеген жылдар бою цивилизациялардын бешиги болуп келген Анатолия аймагындагы Түркия жерлери адамзаттын жалпы мурасын бүгүнкү күнгө чейин ачып келүүдө. Чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө чейин созулган Түркия аймагы адамзат тарыхын калыптандырган цивилизациялардын изин чагылдырган ачык асман алдындагы музей катары кызмат кылат.

«Мурастан келечекке» (Legacy to the Future) долбоору дал ушул баалуу тарыхый мурастарды даңазалоону, археологиялык иштерди өлкө боюнча кеңейтүүнү жана Түркия археологиясында жаңы, динамикалуу доорду баштоону максат кылат. Өткөн жылы бул демилгенин алкагында ар кыл доорлорго жана цивилизацияларга таандык көптөгөн табылгалар аныкталды. Бул ачылыштар адамзат менен айлана-чөйрөнүн өз ара байланышын жаңы көз караштан кароого шарт түзүп, 2025-жылды археологиялык эстеликтердеги зыяратчылар үчүн тажрыйбаны байыткан жана маданий мурастын көрүнүктүүлүгүн арттырган өзгөчө жылга айлантты. Эми былтыркы жылдагы Түркиянын эң маанилүү археологиялык табылгаларына токтололу.

Неолит дооруна таандык ачылыштар

Шанлыурфа аймагындагы неолит доорунун казууларын камтыган Taş Tepeler долбоору 2025-жылы өзүнүн 5 жылдыгын белгилеп, былтыр маанилүү ачылыштарга күбө болду. Карахан-тепеден үч жаныбар элеси түшүрүлгөн кичинекей идиш табылып, ал азырынча белгилүү болгон эң алгачкы үч өлчөмдүү мифологиялык сүрөт катары бааланууда. Ошондой эле адам жүзү чегилген Т-түрүндөгү таш мамы табылган. Гөбеклитепеде дубалга орнотулган адам элеси курмандыкка арналган сыйынуу белгиси катары аныкталса, Сайбурч аймагынан оозу тигилген абалдагы каза болгон адамды чагылдырган айкел табылды. Ал эми Сефертепеден эки адам жүзү түшүрүлгөн рельеф жана эки беттүү мончок табылган.

Байыркы Троядагы байлык менен бийликтин символдору

Чанаккаладагы Троя шаарында уланып жаткан казуулар учурунда б.з.ч. болжол менен 2500-жылдарга таандык Эрте Бронза доорунун алтын фибуласы (төөнөгүч) жана сейрек кездешүүчү жадеит ташы табылды. Социалдык статус менен бийликтин белгиси катары колдонулган бул алтын буюм дүйнө жүзү боюнча белгилүү болгону үч гана нускасынын эң мыкты сакталган үлгүсү болуп, акыркы 100 жылдагы эң маанилүү археологиялык ачылыштардын бири катары бааланууда.

Осмон деңиз тарыхына суу алдынан көз чаптыруу

Мугланын Датча районуна жакын жайгашкан Кызлан Осмон кемесинин калдыктарында жүргүзүлгөн суу алдындагы казуулар Осмон империясынын деңиз тарыхын чагылдырган олуттуу табылгаларды алып чыкты. XVII кылымга таандык Түркиядагы жападан жалгыз белгилүү Осмон кемесинен 30дан ашык мылтык, 50дөн ашык граната, миңдеген ок-дарылар, Осмон дооруна таандык эң ири тамеки чоорлор жыйнагы жана кытай фарфору табылды.

 

 

4500 жылдык идолдор

Күтахья аймагындагы Батыш Анатолиянын эң ири Бронза дооруна таандык конуштарынын бири болгон Тавшанлы Хөйүктө археологдор 4 500 жылдык идолдорду табышты. Мрамордон, сөөктөн жана терракотадан жасалган бул айкелдер очоктун айланасына тизилип коюлган абалда табылып, ошол доордогу диний ишенимдер тууралуу баалуу маалыматтарды берет.

Кара деңиздеги жылмайган Медуза

Бартын облусунун Амасра районунда жайгашкан байыркы Амастрис шаарындагы 2 миң жылга жакын тарыхы бар стоа курулушу «Мурастан келечекке» долбоорунун алкагында кылдат калыбына келтирилүүдө. Реставрация иштеринин жүрүшүндө сейрек кездешүүчү, жылмайган Медуза элеси табылды. Мифологияда Медуза — жылан чачтуу, курч тиштүү, көз карашы менен адамды ташка айланта турган жин катары белгилүү.

Эфестеги Сераписке арналган дагы бир табылга

Измирдеги ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Эфес шаарынан Египеттин кудайы Серапис түшүрүлгөн рельефи бар терракотадан жасалган түтүн чыгаруучу идиш табылды. Арткы бетиндеги жазуусунун аркасында бул буюм мурда Терраса үйлөрүнөн табылган ушу сыяктуу эле идиш менен байланыштырылды. Бул Эфесте бирдей буюмдарды жасаган устакананын болгонун же мындай буюмдардын туруктуу соода жүгүртүүсү бар экенин көрсөтөт.

Караман аймагындагы ыйык нан табылгалары

Караман облусундагы байыркы Топрактепе (Эйренеполис) шаарында жүргүзүлгөн казуулар учурунда б.з. VII–VIII кылымдарга таандык беш даана күйүп калган нан табылды. Адистер Мальта крестинин жана Иса Машаяктын сүрөтү түшүрүлгөн бул нандар алгачкы христиан жөрөлгөлөрүндө колдонулган ыйык нан болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Вандагы эң ири сактоо комплекси катары питостор

Ван облусунун Ипекйолу районундагы Эрек тоосунун этегинде жайгашкан Кевенли чебесинин урандыларында жүргүзүлгөн археологиялык иштердин жүрүшүндө урарту дооруна таандык, май, дан азыктары жана суусундуктарды сактоо үчүн колдонулган клинопись жазуулары бар 76 даана чоң сактоочу идиш — питос табылды. Бул табылга Ван аймагында бүгүнкү күнгө чейин аныкталган эң ири сактоо комплекси катары бааланууда.

 

14