7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый рекорд: Өзбекстанга ар ай сайын 1 миллиондон ашык турист барып жатат

39

Өзбекстандын мамлекеттик туризм агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын тогуз айында республикага 8,6 млн чет элдик турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112,5 пайызга көп.

Пандемиядан кийинки 2022-жылга салыштырганда да олуттуу өсүш байкалган. Тактап айтканда, Улуу Британиядан келген туристтер 2,6 эсеге, Катардан — 6,2 эсеге, АКШдан — 3 эсеге, Франциядан — 2,9 эсеге, Россиядан — 2,1 эсеге, Венгриядан — 3,3 эсеге, Германиядан — 2,5 эсеге, ал эми Польшадан — 6,2 эсеге көбөйгөн.

Ошондой эле туристтик кызматтардын экспорту да рекорддук деңгээлге жетип, 2025-жылы 3,6 млрд АКШ долларынан ашкан.

Эске салсак, 2025-жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандан Өзбекстанга 2,16 млн турист келген. Бул эки өлкө ортосундагы чек ара кызматташтыгынын жана транспорттук байланышка болгон суроо-талаптын жогорулашынын дагы бир далили катары бааланууда.

40