Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командандасы Оман өлкөсүнүн футболчуларын 1:0 эсебинде жеңип, тарых жаратты. Тактап айтканда бул эки өлкө буга чейин 3 жолу кез келип, бирок үчөөндө тең Кыргызстандын курамасы жеңилип калган. Ошентип, өз жеринде ойногон «Акшумкар» каршылашын 1:0 эсеби менен жеңип, курамалар ортосундагы жеңиштерди 1:3гө өзгөрттү.
Белгилей кетсек, оюндун биринчи бөлүгү пассивдүү өтүп, тең чыгуу менен аяктаган.
Тыныгуудан кийин эки курама бирдей активдүүлүгүн көрсөтүп, оюн талаасы жандана түштү. Ошентип беттештин 49 мүнөтүндө эсепти Одилжан Абдурахманов ачып, Кыргызстандын улуттук курамасы алдыга озуп чыкты. «Акшумкарлардын» пайдасына жазылган алгачкы упай Омандын оюнчуларын жандантып, Кыргызстандын дарбазасынын жанында бир катар кооптуу учурлар орун алды. Бул Штефан Тарковичтин шакирттеринин коргонуудагы кемчиликтеринен кабар берип турду. Бирок ага карабастан, ийгилик жергиликтүү футболчуларга жылмайып, омандыктардын бир катар олуттуу чабуулдарынан майнап чыккан жок. Беттештин башкы калысы оюндун жалпы 90 мүнөттүгүнө дагы 4 мүнөт кошуп берди. Бирок ал убакыт дагы эсептин өзгөрүүсүнө таасир эткен жок. Жыйынтыгында Кыргызстан — Оман беттеши «Акшумкарлардын» пайдасына 1:0 менен аяктап, жергиликтүү күйөрмандарды кубанычка бөлөдү.
Белгилей кетсек бул оюнга өлкө башчысы Садыр Жапаров да келип, беттештин жүрүшүнө көз салып турду.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан — Оман курамалары Бишкек шаарында, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо оюн өткөрдү. Эки өлкөнүн командалары 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кез келди. Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен дүйнө биринчилигинин тандоо турунда оюн өткөрүшөт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.
Буга чейин «Акшумкар» Малайзиянын курамасы менен оюн өткөргөн. Анда ата-мекендик футболчулар 4:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, 1 гана упайга ээ болгон.