7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый жеңиш: Таиланддагы мелдеште 11 кыргыз спортчусу медаль алды

191

Таиланддын борбору Бангкок шаарында 13-14-сентябрь күндөрү сумо күрөшү боюнча дүйнө жана Азия чемпионаты болуп өттү. Бул мелдешке катышкан Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы жалпысынан 11 медаль утуп, тарыхый жетишкендикке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатындагы жыйынтыктар:

Жекеме-жеке таймаштарда:

  • Надыр Рассуев (115 кг жогору) — күмүш медаль
  • Айкөл Зияпова (80 кг жогору) — күмүш медаль
  • Феликс Эмирлан уулу (85 кг чейин) — коло медаль
  • Аян Сейитбеков (100 кг чейин) — коло медаль
  • Даниел Темирбеков (115 кг чейин) — коло медаль

Командалык таймаштарда: Константин Абдула-Заде, Георгий Абдула-Заде жана Сулде Донгак күмүш медалга ээ болду. Кыргызстандын командасы япон спортчуларына гана утулду.

Аялдар арасында: Даткайым Уланбек кызы, Айкөл Зияпова, Сезимай Калмырзаева — коло медаль. Бул медаль Кыргызстан аялдар курама командасынын тарыхындагы алгачкы командалык байге болуп калды.

Дүйнө чемпионатындагы жыйынтыктар:

  • Георгий Абдула-Заде (85 кг чейин) — күмүш медаль;
  • Сезимай Калмырзаева (18 жашка чейинки юниорлор арасында, абсолюттук категория) — күмүш медаль;
  • Константин Абдула-Заде (100 кг чейин) — коло медаль;
  • Сулде Донгак (115 кг чейин) — коло медаль.

Мындан тышкары, Аян Сейитбеков жана Айкөл Зияпова да мыкты оюн көрсөтүп, 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан дүйнөлүк мелдеште 5-орунду ээледи.

192