7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: 2026-жылдын март айынан тарта өлкөдөгү майнинг фермалар иштебейт

130

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2026-жылдын март айынын аягына чейин Кыргызстандагы бардык майнинг фермалар иштебей турганын айтты. Ташиевдин айтымында, бул кадам өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун сактоо жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.

Бирок бул чечим бир эле техникалык эмес, саясий жана экономикалык мааниге да ээ. Кыргызстан соңку айларда электр энергиясынын жетишсиздигинен улам кубаттуулукту чектөө чараларын көрүп келет. Эртең менен жана кечинде турмуш-тиричиликтин активдүү маалында жарандарга берилчү кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин түшүрүлгөн. Бул чара коомчулукта нааразы пикир жараткан. Анткени айрымдар өкмөт элге чектөө киргизип, майнинг компанияларына артыкчылык берип жатат деп сынга алышкан.

Энергетика министри Ибраев бул сын-пикирлерге жооп катары, Кыргызстандагы бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирген. Анын айтымында, өлкөдө майнинг жүргүзүүгө уруксат берилген Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары келишимдин негизинде иш жүргүзүп келген. Бирок учурда алардын да ишмердиги токтотулду.

Ташиев энергетикалык абал боюнча айтып жатып, “веердик өчүрүү” (жарыкты кезек менен өчүрүү) болбой турганын белгиледи. Бирок ошол эле учурда калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал мектептерде окуу бүткөндөн кийин дароо жарыкты өчүрүү талабына каршы чыгып, балдар үйүнө тарап кеткенче класстарда жарык күйүп турушу керек экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча билдирүү жасап, суунун деңгээли төмөндөп жатканына жана мурдагы бийликтердин энергетикалык долбоорлорду өз убагында ишке ашырбаганына токтолгон. Анын бул билдирүүсүнөн кийин коомдук талкуу күчөп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жооп кайтарып, өз бийлиги тушунда башталган иштерди жокко чыгарбоого чакырды.

131