Бүгүн, 23-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө УКМК төрагасына Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат берип, техникалар менен тааныштырды.
Президенттин турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна 110 млн сом бөлүнгөн. Мындан улам районго жалпы 13 техника алуу пландалып, анын ичинен 6 айыл чарба жана атайын техникалар келип, алар Ташиев тарабынан тапшырылды.
Аймактардагы жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарын канааттандыруу максатында бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү шарттарды түзүү башкы планда экенин УКМК төрагасы белгиледи. Мындан улам, техникалык жана башка муктаждыктарды жоюуга казынадан акча бөлүнүп, аймактарда алгылыктуу иштер жүрүп жатканы да айтылды.
Ташиев иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга кайрылып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар социалдык маселелерге токтолду. Ал Ак-Талаа районуна жаңы төрөт үйү, спорт комплекси камтылган ири футбол аянты, ипотекалык үйлөр курула тургандыгын баса белгиледи.