7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев аким, губернаторлорго эттин баасын көзөмөлдөөнү тапшырып, катуу эскертүү берди

160

УКМКнын төрагасы өкмөттүн эттин баасына көзөмөлдөө боюнча токтому аймактарда аткарылбай жатканын белгиледи.

«Өкмөт эттин баасын 680-700 сомдон белгилеген. Азыр баа 800-900 сомго чейин өсүп кетиптир. Буга негизги себеп — алып сатарлар. Этти дүңүнөн тапшыргандар 450–500 сомдон берип жатышат. 100 сом кошсо түшүнүктүү болмок, бирок алар бааны дээрлик эки эсеге чейин көтөрүп жиберишиптир. Муну маморгандар жана жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек эле, бирок алар милдетин аткарбай буга кайдыгер мамиле жасашкан. Азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө жергиликтүү бийлик түздөн-түз жооптуу болот. Бир жерде эт кымбаттаса айыл өкмөт, аким, мэр, жооп бересиңер», — деди Ташиев.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

161