7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө наам жана дипломдорду тапшырды

453

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун жана Россия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наам жана дипломдор тапшырылды.

Бүтүрүүчүлөргө аскердик наам жана дипломдорду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Өлкө коопсуздугун коргоо жаатында эмгектенген коопсуздук органдарын жыл сайын УКМКга караштуу А.Бакаев атындагы академияны, ошондой эле Россия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлер толуктап турат.

Бул бүтүрүүчүлөр окуу аралыгында мамлекеттин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим, жөндөмдөргө ээ болушту.

Ташиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктагандары менен менен куттуктап, алардын алган билими коюлган тапшырмаларды так жана таамай аткарууга, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо жаш кызматкерлерди мекенди сүйүүгө жана ар дайым күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.

Белгилей кетсек, коопсуздук багытындагы адистердин сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы – президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын генерал-лейтенанты А.Бакаев атындагы академиясы түзүлгөн.

454