7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Баетовдогу 150 млн сомдук спорт комплексинин курулушуна старт берди

149

Бүгүн, 23-октябрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган спорт комплексинин жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттан турат. Комплекс административдик жана спорттук болуп эки бөлүккө бөлүнүп, анда эки спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү жана башка керектүү заманбап шарттар каралган. Долбоордун сметалык баасы 150 млн.сом.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы Баетов айылынын тургундарын, өзгөчө жаштарын спорт менен машыгууга жана спорт аркылуу сергек жашоо образын калыптандырууга чакырды. Аталган спорт комплекси аркылуу келечекте өлкөнүн желегин желбиреткен мыкты спортчулар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.

Өз кезегинде Баетов айылынын тургундары Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын билдиришти.

150