7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Баткен чек ара жаңжалында жараланган Элдиярга колдоо көрсөттү

375

Бүгүн, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган Төлөнов Элдияр Таалайбековичди кабыл алып каржылык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Төлөнов Элдияр Таалайбекович 2021-2022-жылдары ИИМ ИА (Баткен) бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн.

2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Туркиядан, Орусиядан дарыланып келген. Анын 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Мамлекет тарабынан 1794000 сом бөлүнүп берилип, андан тышкары Бишкек шаарынан батир алынып берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.

УКМК Төрагасы К.К.Ташиев ушундай эл жерин коргогон чыныгы офиццер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди.

376