7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Базар-Коргондогу ипотекалык үйлөрдүн курулушун текшерди

328

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмалар жана талаптар коюлду.

«Президенттин «Кыргызстанда үйү жок жарандарыбыз калбашы керек. Баары үйлүү жайлуу болушу зарыл» деген саясатын баарыбыз колдоп, тез арада ишке ашырышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сырттан карап турбастан, күнү-түнү чуркап иштешиңер керек. Үйлөрдүн сапаттуу болушу жана курулушчулардын Кыргызстандыктар болушу шарт. «Арзан иштейт экен» деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды салбагыла. Кымбатырак иштесе дагы, башкалардан бир аз жайырак иштесе дагы өзүбүздүн жарандар иштесин!..», – деди Камчыбек Ташиев.

Андан соң Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул обьектиде да кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмалар коюлду.

329