7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Бишкектеги жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты

269

Бүгүн, 5-февралда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасындагы жаңы спорт комплексинин, ошондой эле, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жаңы жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылыш аземине катышты.

Заманбап борбор — спорт, билим берүү жана ар тараптуу өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып,комплексте: күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт (тамактануу зонасы), заманбап жатаканалар, конференц-зал,окуу-машыгуу, жыйындар үчүн кошумча бөлмөлөр каралган. Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган. Бул жерде спортчулар интенсивдүү машыгууларды, жыйындарды жана улуттук жана эл аралык мелдештерге даярдыкты өткөрө алышат. Комплекс ошондой эле машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозонаны камтыйт. Мындан тышкары колледждин аймагында мечит да курулган.

Ал эми тарбия корпусунун жаңыланган имараты билим берүү жана тарбиялык программаларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, окуу менен спортту гармониялуу айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жаңы медициналык блок жана санитардык бөлүм замандын талабына жооп берген биринчи жардам көрсөтүүчү жана профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү жабдуулар менен камсыздалган. Бул спортчулардын коопсуздугун жана ден-соолугун жогорку деңгээлде камсыз кылат. Жаңы ачылган комплекс чемпиондорду гана эмес, ар тараптуу өнүккөн жаштарды даярдоочу борбор болот. Бул — спорт, интеллект жана ден-соолук биригип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жол ачкан жай экендигин Ташиев белгилеп өттү.

Аны менен катар төрага комплексти ачуу — аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп, спортчуларды кесиптик даярдоого, жаштарды активдүү спортко тартууга жана маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн кошумчалады.

270