7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктап, белектерди тапшырды (ФОТО)

748

УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда салтанаттуу иш-чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады.

Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 млн сом, 2022-жылы 500 000 сом берилгендигин айтты.

Жыйындын аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749