7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылдык майрамдарда 12 миңден ашуун милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөйт

406

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүнө катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы президенти – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысынын атынан катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана иштериндеги ийгиликти каалады.

«Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Сиздердин иш күнүңүздөр 8 саатка эмес, 365 күнү 18 саатка созулуп, жеке жашоодон кызматтык милдеттерди бийик коюп, мекенибиз үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн иштеп жатасыздар, бул талашсыз чындык. Ушул күндөрү республика боюнча 12 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт», — деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, ведомство алдында жол коопсуздугун күчтөндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка, жаш өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын кайрылуусу боюнча иштерди күчөтүү милдети турат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, министрлер кабинетинин башчысы алардын күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, үстүбүздөгү жылы ички иштер министрлигинин жакшы көрсөткүчтөрүн, анын ичинде кылмыштуулук саны кыскарып, кылмыштардын бетин ачуу көбөйгөндүгүн, жарандардын кайрылуулары боюнча иштер жакшыртылгандыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

407