Бүгүн, 27-декабрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Тажикстандын куралдуу агрессиясында баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй бүлөсүнө 50 миң сомдон Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан 1 үй бүлөөгө 20 миң сом каражат бөлүп берди.
Зиядин Жамалдинов өз сөзүндө агрессиялык кол салууда мекенди коргогон жоокердин эрдиги эч качан унутулбайт деп билдирдию
«2022-жылдын сентябрь айында Баткенде орун алган агрессиялык кол салууда мекенди коргоодо жана душмандарга өлкөбүздүн жерин тебелетпейм деп Ош облусунун тургундары, баатыр жоокерлерибиз курман болду. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүп турабыз»,-деди Зиядин Жамалдинов.