7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев депутат Марат Аманкуловдон 50 миллион сом өндүрдү

779

Депутат Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду, ал эми, зыяндын калган бөлүгүн, келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөй тургандыгын маалымдайт. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, М.Аманкулов кызмат ордуларына дайындалып турганда мыйзамсыз баюусу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген болчу.

Такталган боюнча, М.Аманкуловдун жакын туугандары жана аффилирленген адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөң бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында, активдерин кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен, активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

М.Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгында өзүнүн саясий таасиринен жана Бишкек шаардык кеңешиндеги жана КР ЖКдагы кызмат абалынан пайдаланып, активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780